Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович менен ” Канча тил билсең ошончо дил билесиң ” деген темада студенттер менен биргеликте жолугушуу өткөрүлдү

2019- жылдын 6 июнунда Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил
боюнча улуттук комиссиянын " Биринчи бол "  таасир берүүчү клубунун мүчөсү, VI чакырылыштагы
Жогорку Кеңештин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычович менен бирдикте мамлекеттик тилди
өнүктүрүү үчүн " Канча тил билсең ошончо дил билесиң " деген темада студенттер менен
биргеликте жолугушуу өткөрүлдү бул жолугушууда келечек муундары болгон жаштарды тилин
дилин сүйүүгө жана келечекте татыктуу инсан болууга чакырып кетти. Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги эң жаш деп эсептелген депутат Жанар Акаевге студенттер
жетишкен ийгиликтин сырлары боюнча суроолор беришти. Талыкпаган чарчабаган
эмгектин кажыбас мээнеттин албетте "Билим ийне менен кудук казгандай" деген макалдын
негизинде жаштарды ийгиликтин сырлары билимдин  негизи болоорун
далилдеди. Депутат Жанар Акаев келечек ээлери болгон студенттерди достукка, биримдикке ундоп
коомго татыктуу жаштар керек экендигине чакырды " Канча тил билсең ошончо дил билесиң"
деген макалдын өзү айткандай азыркы учур көп тилдуулуктун заманы экендиги жана өзүбүздүн
кыргыз тили байыркы тилдердин катарында экендигин баса белгилеп кыргыз тилин мындан ары
өнүктүрүү өстүрүү ар бир кыргыздын жаранынын ыйык милдети экендигине баса белгиледи Бишкек
техникалык колледжинин студенттери өздөрүнө керектүү болгон жаштар маселеси боюнча жана
башка көптөгөн замандын талабына жараша суроолорду узатып татыктуу жоопторду ала алышты.
Акырында БТКнын администрациясынын жана жалпы жамаатынын ошону менен бирдикте
студенттедин атынан ушундай жолугушуу уюштуруп келечек муундарды билимге достукка
биримдикке ундоо,ой чабытын ойготуу жана коомго татыктуу жаштарды тарбиялоого кошкон
салымы үчүн ыраазычылык билдирилип,дайыма үзүрлүү эмгектенип жетишкендикти жарата
беришине тилектеш экендигин билдиришти.